Кыргызстандын “Тумар КР” бий тобу “Танцы” долбооруна өттү

Кыргызстандын “Тумар КР” бий тобу Орусиянын ТНТ телеканалынын “Танцы” долбооруна өттү. Бийчилердин талантына күбө болушкан калыстар тобундагы бийчилер Егор Дружинин, Мигель, актёр Сергей Светлаков жана көрүүчүлөр туруп алып дүркүрөтө кол чабышты. Таланттуу бийчилерге калыстар “ооба” деген жообун беришти. 

Айта кетсек, 24-майда Кыргызстандын атынан "Тумар КР" бий тобу жана жаш бийчи Тилан Садырбаев аталган долбоордун кастингине катышып, андан ийгиликтүү өтүшкөн
Бул долбоор ушул жылдын 23-августунда көрсөтүлүп баштаган. Анда 300гө жакын бийчи жана бий топтору катышууда. Долбоордун жеңүүчүсү "Орусиянын мыкты бийчиси" аталып, 3 миллион рублга ээ болмокчу.
"Танцы" ТНТ: "Тумар" бий тобу. Кыргызстан Каракол (11.10.2014)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aibek92
2014-10-13 12:54:44
удачи го силерге)
0
samidinova84
2014-10-13 15:56:50
120 депутатка караганда эмгегинер корунуктуу.азаматсынар,ийгиликтер коштосун ар дайым.
+2
zarlyk2211
2014-10-13 16:10:34
Азаматсынар жигиттер!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан