Дизайнер Айпери Обозова колунан жаралган сахна кийимдерин уурдаткандыгы тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 13-октябрда билдирди.
Маалым болгондой, бул окуя кечээ, 12-октябрда орун алган. Жоголгон 30га чукул костюмдун баасы 300 миң сомду чапчыйт. Уурдалган кийимдер Айпери жетекчилик кылган "Датка" бий тобунун бийчи кыздарына таандык экен. Милицияга арыз жазып кайрылган дизайнер: “Баш кийим, көйнөктөн турган 30га жакын костюм аталган топтогу бийчи кыздын биринин автоунаасында болчу. Белгисиз адамдар автоунааны талкалашып, ичиндеги кийимдерди уурдап кетишиптир. Балким, алар башка бир баалуу нерсе деп болжошуп, кийимдер бар экенин билишкен эместир, же болбосо атайлап эле бул ишке барышкандыр. Мен милицияга арыз жазып кайрылдым. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кийимдерди алып кеткендерден кайтарып беришин сурайм. Анткени аларды эч жакка сата алышпайт. Эгер кийимдерди алып келип беришсе, жазган арызымды кайтарып алам да, сүйүнчүсүн берем. Ал кийимдер өзүмдүн колумдан жаралган эмгектер, калыбына келтирүүгө көп каражат сарпталат”,- деди.