Бишкекте Жаштар театры 25-театралдык сезонун “Талант жана тагдыр” спектакли менен ачат

14-октябрда Бишкектеги Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик Жаштар театры өзүнүн 25-театралдык сезонун ачат. Аталган театрдын артисттери бул күнү Ж.Кулманбетовдун “Талант жана тагдыр” спектаклин тартуулашат. Бул спектакль СССРдин Эл артисти, театр жана кино жылдызы Бакен Кыдыкеевага арналып коюлган. Бакен Кыдыкееванын ролун КРнын Эл артисти Назира Мамбетова ойнойт.

“Театр - элдин күзгүсү. Андыктан, кыргызстандыктар, алтындай убактыңыздарды аябай театрга келиңиздер. Биз сиздерди театрдан күтөбүз”,- деп билдиришет мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан