Ош. Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагында мамлекеттик балдар бакчасы колдонууга берилди

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагында мамлекеттик балдар бакчасы колдонууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул балдар бакчасынын имараты мурун үрөнчүлүк чарбасынын конторасы болсо, кийин такыр эле кароосуз калган. Аны оңдоп-түзөө иштерине 1,5 миллион сом сарпталды. Бул сумманын 200 миң сомун жергиликтүү тургундар чогултуп беришти. Заманбап технологиялар менен камсыздалган балдар бакчасынын ачылыш аземине өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана башка жетекчилер катышышты. Кошумчалай кетсек, бул жайдын оңдоп-түзөө иштери жеке ишкер Каныбек Бекмурзаевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү астында ишке ашырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан