Кыргызстан экономикалык көз карандысыздык боюнча рейтингде 151 өлкөнүн ичинен 90-орунду ээлеп, өткөн жылдагыдан 13 орунга алдыга жылды

Кыргызстан “Дүйнөдөгү экономикалык көз карандысыздык - 2014” рейтинги боюнча 90-орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда канадалык Фрейзер институтуна шилтеме берүү менен КАФМИ изилдөөчү борбору жарыялады.

Маалыматка ылайык, аталган тизмеде 151 мамлекет бар. Былтыр Кыргызстан 103-орунда болчу. “Республиканын мындай көтөрүлүшүнө анын экономикасынын өнүгүп кетиши эмес, башка мамлекеттердин начарлап кетиши себеп болду”,- деп жазды аталган борбор.

Айта кетсек, бул рейтингдин чокусунда Гонконг административдик району жайгашты. Андан кийин Сингапур, Жаңы Зеландия жана Швейцария орун алышты. АКШ 12-орунду ээлесе, Орусия 98-орунда жайгашты.

Экономикалык көз карандысыздыктын деңгээлин аныктоодо төмөнкү тармактар эске алынат: өкмөттөрдүн өлчөмү, жеке менчикти коргоо, тышкы сооданын көз карандысыздыгы, насыя берүү системи жана башкалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dadin1
2014-10-13 15:50:51
13 орун алдыга жылбай эле тескерисинче 31 кадам артка жылды десе ишеничтуроок болот беле.
0
iskra77
2014-10-13 16:02:05
Кантип эле Россия 98орун болуп а Кыргызстан 90 болуп калсын я? Деги бир окшошкон нерсени айтсанар;-)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан