Акыркы учурда орчундуу маселеге айланып, бир нече миң адамдын өмүрүн алып кеткен Эбола вирусунун Кыргызстанга да келип калуу коркунучу бар. Ага ылайык, эл аралык аэропорттордогу текшерүүчү пункттар күчөтүлгөн режим менен иштөөдө. Кечээ, 13-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан “Манас” аэропортуна пресс-тур уюштурулду.
“Текшерүүчү пункттун ичинде атайын орнотулган жабдык бар, ал “тепловизор” деп аталат. Аталган жабдык 4 метр аралыктан адамдын температурасын көрсөтүп турат. Эгер анын дене табы нормадан ашык болсо, ал дароо белги берет. Андан соң ал адам аэропортто жайгаштырылган обсерваторго алынып барат. Ал жактан себептери аныкталып, эгерде анын симптомдору жугуштуу оорулардын биринин белгилерине окшош болсо, атайын "Тез жардам" чакырылып, Жугуштуу оорулар ооруканасынын атайын бөлүмүнө жеткирилмекчи”,- дейт аэропорттун дарыгер-эпидемиологу Мирлан Чакиев.
Анын айтымына караганда, эл аралык каттамдар аркылуу келген жүргүнчүлөрдө эч кандай Эбола вирусунун симптомдору жок. Температурасы жогору болуп келген айрым жүргүнчүлөр тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин ангина же сасык тумоо сыяктуу оорулар менен ооруп калгандары аныкталган.
“Кыргызстандын аймагына эл аралык каттам аркылуу келип конгон учак тууралуу генералдык декларация берилет. Анын негизинде биздин ар бир жүргүнчү тууралуу тиешелүү маалыматыбыз бар. Залдын ичиндеги текшерүүчү жайда автоматташтырылган портативдик жабдык 2009-жылы орнотулган, андан сырткары дагы бирөө бар”,- деп кошумчалайт М.Чакиев.