12-октябрда Токиодо “Дүйнөнүн белгилүү композицияларына сүңгүп кирүү” аттуу концертинде япон пианисти Яэко Химено жана скрипач Какеру Яно кыргыз композиторлорунун чыгармаларын ойношту. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 14-октябрда билдирди.
Маалым болгондой, аталган музыканттар Атай Огомбаевдин "Эсимде", Абдылас Малдыбаевдин "Кимге айтам?", Калый Молдобасановдун "Кыздын ыры", Турганбай Молдогазиевдин "Ак шоолаң чачсаң", Муратбек Бегалиевдин "Сагындым" аттуу чыгармаларын аткарышты.
Мындан тышкары концертте Италия, Германия, Франция, Испания, Польша жана АКШнын белгилүү классиктеринин музыкалары жаңырды.
Концерт Япон классикалык музыка ассоциациясынын жана Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин колдоосунда уюштурулган.