Бүгүн, 14-октябрда Бишкектеги Улуттук китепканада мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 95 жылдыгына арналган “Чыныгы легендага айланган мамлекеттик ишмер” аттуу китеп көргөзмөсү ачылат.
Аталган китепканадан билдиргендей, көргөзмөгө Т.Усубалиевдин китептери жана макалалары, андан тышкары гезит, журнал беттерине өмүр жолу баяндалган макалалар коюлат.
Т.Усубалиев 1919-жылы Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүрүп, Кочкор кыштагындагы орто мектепте, Кыргызстан КП БКнын аппаратында иштеген. 1958-жылы партиянын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи секретары болгон. 1961-1986-жылдары Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары болуп иштеген. Мамлекетке жана Кыргызстан элине кылган эң көрүнүктүү эмгеги үчүн 1999-жылы 80 жылдык мааракесине карата “Ак шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылган, КРнын Баатыры деген эң жогорку артыкчылык даражасы берилген.