Кыргызстанда электр кубатын 700 киловатт-сааттан ашык колдонгондорго 1 сом 20 тыйындан төлөтүү демилгеленүүдө. Сунуш колдоо тапса, электр энергиясынын жаңы тарифтери 2015-жылдын апрелинен тарта иштеп баштаарын бүгүн, 14-октябрда өкмөттүк аппараттын отун-энергетикалык комплекс жана кендерди пайдалануу бөлүмүнүн жетекчиси Туратбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн өкмөт алдыдагы 2014-2015-жылдардын жылуулук мезгилине карата тарифтик саясатты талкууга алып чыгат. Жаңы долбоорго ылайык, эгер абонент бир айда электр кубатын 700 киловатт-сааттан ашык пайдаланса, анда 1 киловатт-саат электр энергиясы үчүн 1 сом 20 тыйындан төлөйт. Эгер колдонгон электр энергиясы 700 киловатт-саатка жетпесе, анда тариф азыркыдай 70 тыйын бойдон калат. Башка категориядагы абоненттер үчүн да тарифтер өзгөртүлөт. Абоненттерди 3 фазалуу же 1 фазалуу деп бөлүү жоюлат.
Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев энергетика тармагындагы кырдаал боюнча жакында билдирүү жасап, анда элди электр кубаты менен камсыздоонун кошумча жолун таппаганы үчүн өкмөттү сынга алган эле. Жоомарт Оторбаев учурда Казакстанда иш сапары менен жүрөт. Анда Казакстандан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоо жана башка маселелер өкмөттүк деңгээлде талкууланып жатат.