Ош. Мектептерге интерактивдүү такта орнотуу боюнча тендер өтөт

Эртең, 15-октябрда Ош шаардык билим берүү башкармалыгында шаардагы мектептерге интерактивдүү такта орнотуу боюнча тендер өтөт. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин тендерге катышуу үчүн 4 ишкана арыз берген. Интерактивдүү такталар үчүн бөлүнгөн каражаттын жалпы сметалык баасы 1 миллион сомду түзөт. Тендердин жыйынтыгы бир аптадан кийин чыгарылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aitunuk
2014-10-14 20:49:12
Ал такталар кадимки тактадан эмнеси менен айырмаланат экен? Мурда башынан аягына чейин бор болушса, эми маркер менен жазабыз деп, бети-башынан бери боёк болушат экен да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан