Бишкектеги Улуттук илимдер академиясында Кытай бурчу ачылды
Бишкектеги КРнын Улуттук илимдер
академиясынын борбордук илимий китепканасында Кытай
бурчу ачылды. Аталган академиядан бүгүн, 14-октябрда билдиришкендей, иш-чарага
Илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев,
вице-президенттери Алмаз Алдашев менен Биймырза Токторалиев, Кытайдын Кыргызстандагы элчисинин иштерин убактылуу аткаруучу Жень Ши жана
башкалар катышты. Анда кытай тарап мекемеге тарых,
география,
искусство, маданият, туризм, экономика жана социалдык өнүгүүгө арналган 300дөй илимий эмгектерди өткөрүп берди. Бул долбоор
үч жыл иштейт, кийинки эки жыл аралыгында кытай тарап КРнын Илимдер академиясына жыл сайын 150 китеп берип турмакчы.
Автор: Динара АбдыкадыроваФото: Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы