Аймактарда жаштарды мамлекеттин өнүгүүсүнө активдүү катышууга кызыктыруу максатында конференция өткөрүлөт

15-16-ноябрь күндөрү Бишкек, Баткен, Жалал-Абад, Каракол жана Ош шаарларында жаштарды мамлекеттин өнүгүүсүнө активдүү катышуусуна кызыктыруу максатында “Jashtar Camp-2014” аттуу конференция өткөрүлөт.

Иш-чаранын уюштуруучулары билдиргендей, аталган конференция биринчи жолу 2009-жылы Бишкек шаарында Эл аралык жаштар күнүнө карата өткөрүлгөн. Бул жылкы жыйын өзүнө төрт багытты камтыйт:

1. Илим, маданият жана чыгармачылык;

2. Саясат жана бизнес;

3. Жарандык катышуу (экология, ден соолук, гендердик теңдүүлүк);

4. Кыргызстанда балдардын укуктары БУУнун конвенциясында ратификация болгонуна 20 жыл.

Балдардын укуктары тууралуу маалыматты таркатуу үчүн иш-чаранын уюштуруучулары мектеп окуучулары, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттеринин арасында “Менин укугум бар” деген темага мыкты сүрөт сынагын жарыялайт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zarema94
2014-10-14 17:46:28
Кантип катышсак болот? Каерде, качан?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан