Токтогул районунда Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган фестиваль өтөт

17-октябрда Токтогул районунун Чолпон-Ата айылында акын-импровизатор Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналган фестиваль өткөрүлөт. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага ардактуу коноктор да келишет.

Фестивалда театралдык көрсөтүү орун алып, “Айтыш” сынагынын жеңүүчүлөрү, филармониянын артисттери өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Ошондой эле кыргыз улуттук оюндарынын (кыз куумай, тыйын эңмей, ордо, аркан тартыш, кол күрөш, топ таш, тогуз коргоол) фестивалы өтөт. Саамалыктын соңунда фейерверк атылат.

Иш-чараны КРнын Өкмөтү, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Токтогул районунун акимчилиги, Т.Сатылганов атындагы коомдук фонд уюштурууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан