КРнын Эл артисти Саламат Садыковага "Түрксой" Эл аралык уюмунун сыйлыгы тапшырылды

Кечээ, 15-октябрда Кыргыз Эл артисти Саламат Садыковага Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата "Түрксой" Эл аралык уюмунун сыйлыгы берилди. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди. 

Маалым болгондой, сыйлыкты аталган уюмдун жетекчиси Дюсен Касеинов тапшырды. Т.Сатылгановдун "Алымкан" аттуу ырын кубулжута ырдап, акындын өнөрүн ааламга жайылтууга кошкон салымы үчүн төш белгиге ээ болгон ырчы: “Токтогул атабыздын мааракеси белгиленип жаткан Анкарага, Казакстанга барып ырларын аткарып келгем. "Түрксой" уюму бул наамды КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевден кийин эле мага тапшырганын билдиришти. Эмгегимди баалап, сыйлашканына ыраазымын”,- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
leyli00
2014-10-16 10:07:32
Оо азамат Саламат сахна ханышасы чыныгы ун чыныгы талант Бравоооо
0
Jeki
2014-10-16 10:23:42
Сыйлыгыныз кут болсун! Алымканды келиштире ырдап, узак созгонунуз жагат. Бар болунуз эже!
0
Arti
2014-10-16 13:05:18
Керемет уну менен кериле ырдаган Саламат эже да бул. Сыйлык кут болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан