20-октябрда Бишкекте “Классташтар KG” тасмасынын салтанаттуу бет ачары болот. Бул тууралуу аталган тасманын режиссёру Эрнест Уметалиев SUPER.KG порталына билдирди. Аземде фильмде образ жаратышкан актёрлор кызыл килемден өтүшөт. Иш-чарага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, өкмөттүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, кино тармагында эмгектенген атактуу инсандар катышат.
Тасманын өзгөчөлүгү - башкы каармандарда. Ага бүгүнкү күндө баарыбызга таанымал жүздөр тартылган. Алсак, Чолпонай, Арсен, Айбек Замирбеков, Самат Дөөлөтбаков, Кундуз Канатбек кызы, Назгүл Токтакунова, Айжан Газиева, Урмат Усенов, Акбар Сүйүнбаев, Бектемир Мамаюсупов, Нурсултан Майназаров, Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген жана башкалар.
Фильмдин сюжетине кыскача токтолсок, мектепти бүтүргөн классташтар 10 жылдан кийин жолугууну чечишет. Алардын ар бирине кимдин кандай ийгиликке жетишкени кызык болот. Анда ырчы Чолпонай менен Мээрим Төлепберген бири-бирин көрө албаган кыздардын образын ойношот. Тасмада 15ке жакын жаңы ырлар жаңырат. Алардын арасында тасманын саундтреги болгон Назгүл Токтакунованын “Ачууга алдырба”, Бегиш менен Баястандын “Сүйүү жолунда” аттуу ырлары бар.
“Тасмада Мээрим экөөбүздүн чачташкан жерибиз бар. Аны ачып берүүдө кыйынчылыктар болду. Себеби экөөбүз бири-бирибизди акырын эле чаап жатсак, актёрдук чеберчилик боюнча сабак берген КРнын Эл артисти Замир Сооронбаев "мына минтип чачтан жулат, минтип урат" деп бизди катуу чаап, чачыбызды жулуп үйрөтүп жатты. Ушундай мастер-класстан соң урушкан учурубузду ишеничтүү аткарып бердик”, -дейт ырчы Чолпонай.