Бүгүн, 16-октябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде сүрөтчү Асатилла Тешебаевдин жеке көргөзмөсүнүн бет ачар аземи орун алды. Иш-чарага өлкөнүн сүрөт чеберлеринин каймактары, студенттер, журналисттер катышты. Көргөзмөгө автордун абстракция жанрындагы 50дөн ашык эмгеги коюлду.
Белгилүү болгондой, А.Тешебаев - азыркы көркөм өнөрүндөгү чебер сүрөтчүлөрдүн бири. Ал тандаган башкы тема – адамзат. Сүрөтчү өз чыгармачылыгынын чордонуна азыркы коомдун социалдык-саясий жана материалдык, руханий көйгөйлөрүн коёт. Аларды адамзатка мүнөздүү сезимдер, кыжалаттануу менен туя билет. Картиналар сюжети, композициясы жана техникасы боюнча бири экинчисине окшошпойт. Бирөөсү абдан мазмундуу, зор чыңалууну пайда кылса, башкалары лирикалуу жарык маанайда. Алардын баарын адамзат турмушундагы күн сайын өзгөрүп бараткан ачуу чындык, кубулуштар бириктирип турат.
1990-жылдан тартып дүйнө кезип, эркин чыгармачылык изденүүдө жүрүп келген Асатилла Тешебаев: "Менин жеке көргөзмөлөрүм АКШ, Германия, Чехия, Орусия жана башка мамлекеттердин көргөзмө залдарында көрөрмандардын сынына коюлган. Бирок бул өзүмдүн туулуп-өскөн кыргыз жеримдеги алгачкы жеке көргөзмөм. Адамдардын жашоодогу умтулуусун, көйгөйүн, сүйүүсүн, кайгысын, изденүүсүн айткым келди",- дейт.
Белгилей кетсек, көргөзмө 4-ноябрга чейин уланат.