18-октябрда Бишкекте “Тамашоу” Лигасынын 7-сезону старт алат

Бишкекте 18-19-октябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 7-сезону старт алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев билдирди.

Анын айтымында, “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун ачылышына даярдык кызуу жүрүп жатат. “Даярдыктар жакшы жүрүп жатат. Буюрса, өткөн сезондордогудай эле бул сезондо да элдин назарына ойдогудай юмор тартуулоого аракет көрүп жатабыз”,- дейт ал. Андан тышкары: “Командалар күн сайын редактурадан өтүшүүдө. Мен ойлойм, мамлекет биз иштегендей иштесе эчак эле өнүгүп кетмек”,- деп толуктады сөзүн Э.Нурбаев.

Кошумчалай кетсек, 18-октябрда “Позитифф”, “Арабаев”, “Бишкек”, “Made in China”, “Элестет”, “Кыялкечтер”, “Ассорти”, “Мисс шоу”, “НКБ”, “Weekend”, “IUK”, “Авангард”, “Олимпик”, “Ацтек”, “Нур”, “Нарын жаштар”, “National”, “Политех”, “ОШолор” командалары ойнойт. Ал эми 19-октябрда күйөрмандар “Nutstan”, “Азми”, “Кыргыз двор”, “Юридикалык академия”, “Универсал”, “Марал”, “Евраш”, “МК Шоу”, “Тамашарики”, “Ёлки-Палки”, “Brooklyn”, “3 кошкон”, “Рота”, “31-33”, “Smile”, “Золотой запас”, “Багыт”, “Тентектер”, “Долон” командалары өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан