Бүгүн, 17-октябрда Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл аймагында Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналган фестиваль өтүп жатат. Иш-чарага КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, ЖКнын депутаты Бөдөш Мамырова, “Түрксой” уюмунун өкүлдөрү, залкар акындын небереси Молдожан Сатылганов жана айыл тургундары күбө болушууда. Мааракеде 150 боз үй тигилип, кол өнөрчүлүк боюнча жарманке уюштурулду. Учурда келген меймандар концерттик программага күбө болушууда.