Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди

17-октябрда Токтогул районунун Чолпон-Ата айылында тоо булбулу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналган фестиваль өткөрүлдү. Токтогул суу сактагычынын жээгинде орун алган иш-чарага КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, ЖКнын депутаты Бөдөш Мамырова, “Түрксой” уюмунун өкүлдөрү, залкар акындын небереси Молдожан Сатылганов жана айыл тургундары күбө болушту. 

КРнын Эл артисти Роза Аманова акындын “Санат” ырын аткарып концерттик программаны ачып берди. Жалпысынан фестивалдын жүрүшүндө театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, бийлер аткарылып, бул күнү Токтогул Сатылгановдун образын жараткан ырчы Өмүрзак Кайыпов комузда кол ойнотуп, эл аралап обон созду. Көптөгөн жаш комузчулар комуз күүсүн жаңыртышса, ак таңдай акындар Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев жана башкалар айтыш өнөрүн тартуулашты. Ошондой эле улуу акындын ысымын алып жүргөн филармониянын артисттери, эстрада ырчылары, кытайлык, алтайлык кыргыз ырчылары жана түрк элинин музыканттары келген меймандарга концерт беришти.

Мааракеде 150 боз үй тигилип, кол өнөрчүлүк боюнча чакан жарманке жана улуттук оюндар боюнча таймаш уюштурулду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
marin
2014-10-18 13:15:22
Jakwi jakwi
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан