18-октябрь күнү Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 7-сезону старт алды. Аны долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев өзү ачып, командаларга ийгилик каалады. Бул күнү “Позитифф”, “Арабаев”, “Бишкек”, “Made in China”, “Элестет”, “Кыялкечтер”, “Ассорти”, “Мисс шоу”, “НКБ”, “Weekend”, “IUK”, “Авангард”, “Олимпик”, “Ацтек”, “Нур”, “Нарын жаштар”, “National”, “Политех”, “ОШолор” командалары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Алардын өнөрүн эстрада ырчысы Урмат Усенов, “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Дамира Арстанова, ырчы Омар, юрист Жоомарт Жолдошев жана футболчу Азамат Байматов, стилист Замира Молдошева, "тамашоучу" Бакыт Осмонканов электен өткөрүштү. Калыстар тобунун чечими менен “НКБ” командасынын оюнчусу Азамат Усенов “Мыкты оюнчу” аталса, “Олимпик” командасы “Мыкты тамаша” наамына арзыды. Ал эми “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун биринчи күнүндө “Бишкек” курама командасы “Мыкты команда” аталды.
Айта кетсек, 19-октябрда “Nutstan”, “Азми”, “Кыргыз двор”, “Юридикалык академия”, “Универсал”, “Марал”, “Евраш”, “МК Шоу”, “Тамашарики”, “Ёлки-Палки”, “Brooklyn”, “3 кошкон”, “Рота”, “31-33”, “Smile”, “Золотой запас”, “Багыт”, “Тентектер”, “Долон” командалары өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.