Ошто "Ыйык мекен ынтымак кучагында" аталышындагы фестиваль орун алат
Бүгүн, 20-октябрда Ош шаарында «Ыйык мекен ынтымак кучагында» аттуу Достук фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар тобу билдиришти. Маалым болгондой, ага Оштогу этникалык топтордун өкүлдөрү катышып, улуттук жана кыргыз ырларын ырдашат. Фестивалдын максаты улуттар ортосундагы ынтымакты бекемдөө, маданий карым-катнашты жогорулатуу болуп саналат.