Манасчы, акын Сапарбек Касмамбетовго кыргыз өкмөтүнүн Ардак грамотасы тапшырылды. Белгилүү болгондой, бул сыйлык белгилүү манасчыга билим жана маданиятка кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 16-октябрында кол койгон.
Сапарбек Касмамбетов 1934-жылы Нарында туулган. Кочкордо окуп, таалим алган. Ал - манасчы, төкмө акын, Эл агартуунун отличниги, Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу, Манас-1000 юбилейлик медалынын жана Даңк медалынын ээси. 1987-жылдан бери Кыргызстанда өткөрүлгөн "Манас" айтуу боюнча сынактарда 7 ирет жеңүүчү болгон.
С.Касмамбетовдон “Семетей” эпосунун “Кырк чоронун өлүмү” эпизоду (1600 сап ыр) жазылып алынган. Андан сырткары СССР мезгилинде радио, телевидениелерге миңдеген саптар жаздырылып, азыр алардын фондунда сакталуу.