Режиссёр Эрнест Абдыжапаров “Чыгыш жана Батыш. Классика жана авангард” Эл аралык кинофестивалынын калыстар тобуна мүчө болду

Режиссёр Эрнест Абдыжапаров “Чыгыш жана Батыш. Классика жана авангард” Эл аралык кинофестивалынын калыстар тобуна мүчө болду. Бул тууралуу режиссёрдун жардамчысы Сүйүмкан Сулайманова бүгүн, 20-октябрда билдирди. 
Маалым болгондой, аталган кинофестиваль Орусиянын Оренбург шаарында 18-октябрда башталды. Бул фестивалда кыргыз режиссёрунан тышкары ирандык продюсер Ализера Шахроки, Румыниянын кино таануучусу Мариан Цуцуи жана Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Елена Валюшина калыс болушат.
Бул сынактын жыйынтыгында "Мыкты фильм", "Мыкты режиссура", "Мыкты эркектин ролу", "Мыкты аялдын ролу" наамдары тапшырылат. Фестивалга классика жана авангард жанры айкалышкан тасмалар тандалып алынат. Ага Орусия, Хорватия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Польша, Австрия, Израиль, Норвегия, Словения, Нидерланды жана башка мамлекеттердин кино ишмерлери катышат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан