“Классташтар KG” тасмасынын бет ачарында жылдыздар кызыл килемден өтүп, фильм жабык эшик артында көрсөтүлдү

Бүгүн, 20-октябрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде “Классташтар KG” тасмасынын бет ачар аземи жабык эшик артында өткөрүлдү. Тасманы алгачкылардан болуп көрүү үчүн маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, КРнын Эл артисти Замир Сооронбаев, көптөгөн эстрада ырчылары, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келишти. Аземде фильмде образ жаратышкан актёрлор жана коноктор кызыл килемден өтүштү. Коноктор үчүн фуршет уюштурулуп, андан даам сызышты.

Тасманын өзгөчөлүгү - башкы каармандарда. Ага бүгүнкү күндө баарыбызга таанымал жүздөр тартылган. Алсак, КРнын Эл артисти Калича Сейдалиева, ырчылар Чолпонай, Арсен, Айбек Замирбеков, Самат Дөөлөтбаков, Кундуз Канатбек кызы, Назгүл Токтакунова, Айжан Газиева, Урмат Усенов, Акбар Сүйүнбаев, Бектемир Мамаюсупов, Нурсултан Майназаров, Ильяз Андаш, Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген жана башкалар. 

Фильмдин сюжетине кыскача токтолсок, мектепти бүтүргөн классташтар 10 жылдан кийин жолугууну чечишет. Алардын ар бирине кимдин кандай ийгиликке жетишкени кызык болот. Анда ырчы Чолпонай менен Мээрим Төлепберген бири-бирин көрө албаган кыздардын образын ойношот. Тасмада 15ке жакын жаңы ырлар жаңырат. Алардын арасында тасманын саундтреги болгон Назгүл Токтакунованын “Ачууга алдырба”, Бегиш менен Баястандын “Сүйүү жолунда” аттуу ырлары бар.

Тасма айдыңына жаңыдан кадам таштап, биринчи жолу бул фильмге режиссёр болгон Эрнест Уметалиев: “Көптөгөн атактуу жүздөрдүн башын бириктирген тасма жалпы жонунан 2,5 миллион сомго тартылды. Оюбузду жеткирүү үчүн болгон аракетибизди жумшадык. “Эл  тараза, эл – сынчы” дегендей, эмгегибизди эми жалпы журт сындасын”,- дейт.

Жылдыздар бир тасмада роль жаратышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
arisim
2014-10-21 02:56:06
Интернеттерге качан чігат єкен кутобуз чідамсіздік менен
0
bai.kymbat
2014-10-21 11:07:38
2,5 миллион сомго кино тартпайт элем)))
0
Arti
2014-10-22 11:47:54
Алтынбек байкем неге жудоп калган? жумушка киришпей жатып десен.
0
Begimkyz
2014-10-22 12:03:58
Москвага да келсе жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан