Бишкекте Кыргыз Эл артисти Сатыбалды Далбаевдин 80 жылдык мааракеси белгиленет

24-октябрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында КРнын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты, Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси Сатыбалды Далбаевдин 80 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чара өткөрүлөт. Аталган театрдан билдиргендей, С.Далбаев театрда 60 жыл эмгектенип, 100дөн ашуун драмалык образдарды жараткан.

Сатыбалды Далбаев 1934-жылы Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында туулган. Ал орто мектепти аяктагандан кийин, 1952-жылы Москва шаарындагы Мамлекеттик театр өнөрү институтуна (ГИТИС) кирет.

Студенттик мезгилден тартып эле чыгармачылык дареметинин күчтүү экенин айгинелеп, курсташтарынын ичинен дароо алдынкы катарга суурулуп чыгып, ГИТИСте окуган кыргыз студиясы койгон дипломдук спектаклдерде башкы ролдорду ийгиликтүү ойноп келген. Театрда эмгектенген жарым кылымдан ашуун мезгилдин ичинде С.Далбаев дүйнөлүк жана кыргыз драматургиясы боюнча коюлган ондогон спектаклдерде башкы жана борбордук ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө аттын кашкасындай таанылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан