Токтогул Сатылгановдун вариантындагы "Кедейкан" эпосу жарык көрдү

Кыргыз элинин улуу акыны Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата КРнын Улуттук илимдер академиясы тарабынан даярдалган чыгармалар жыйнагы 1000, акындын варианты боюнча айтылган “Кедейкан” эпосу 2000 нускада жарык көрдү. 

Аталган академиядан 20-октябрда билдиргендей, бул китептер мурда жарык көргөн басылмалардан айырмаланат. Мурдагы басылмасында чыгармалардагы бир топ салттар советтик идеологияга байланыштуу оңдолуп басылган. Ошондой эле “Кедейкан” эпосу да өзгөрүүгө учураган. Бул китептерди түзүүчүлөр академиянын кол жазмалар фондундагы материалдар, маалыматтар менен салыштырып, жаңы китептерди коомчулукка тартуулашты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан