Жаш талант Аяна Касымова Орусиянын “Россия 1” телеканалында көрсөтүлүп жаткан “Артист” аталышындагы интерактивдүү музыкалык телешоусунун финалына өттү.
Аталган долбоордун расмий сайты билдиргендей, жарым финалдын жыйынтыгында 9 катышуучу финалга өтүп, сынакта четтетилгендердин арасынан Аянаны калыстар тобу 10-катышуучу катары тандап алышкан.
Маалым болгондой, жарым финалда Аяна "When I was your man" аттуу ырды аткарып, көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун 82 пайыз добушуна ээ болуп, финалга өтпөй калган.
15 жаштагы Аяна бул долбоордун эң жаш катышуучусу. Ал музыкалык үй-бүлөдөн, атасы Айзар Касымов "Аура" жаз тобунун солисти болсо, апасы Аида Токтосунова Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын астындагы "Камбаркан" тобунда эмгектенет.