23-октябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде "Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзуна 80 жыл" аталышындагы көргөзмөнүн бет ачар аземи орун алат.
Аталган музейден билдиришкендей, көргөзмөгө өлкөнүн чыгаан сүрөт чеберлери Адылбек Байтереков, Асаналы Бейшенов, Дүйшөн Жолчуев жана Жылдызбек Молдахматовдун эмгектери коюлат.
Белгилей кетсек, көргөзмө 9-ноябрга чейин уланат.