26-октябрда Орусиянын Тюмень шаарында кыргыз маданиятынын күнүнө карата “Ала-Тоо булбулу Токтогул” аталышында иш-чара өткөрүлөт. Уюштуруучулар билдиргендей, анын алкагында “Кыргыз элинин улуу акыны Токтогул – чыгыштын булбулу” аттуу конференция, “Сайра комуз” фестивалы жана “Ала-Тоо таңшыйт” майрамдык концерти болот.
Иш-чаранын максаты - кыргыз маданиятын жана кыргыз тилин жайылтуу, коомдо толеранттуулукту орнотуу, улуттар аралык карым-катнашты бекемдөө, Кыргызстандын жүзүн чет өлкөгө көрсөтүү, Орусия менен Кыргызстандын ишкердик байланышын колдоо.