24-октябрда Бишкектеги Улуттук китепканада Кыргыз Эл артисти, композитор Алтынбек Жаныбековдун 80 жылдыгына арналган “Сыйкырдуу музыканын ээси” аталышындагы көргөзмө ачылат. Аталган китепканадан билдиргендей, көргөзмөгө композитордун эмгектери, ноталык басылмалар, фотодокументтер, анын басып өткөн жолу тууралуу жазылган гезиттик жана журналдык макалалар коюлат.
Алтынбек Жаныбеков 1931-жылы Аламүдүн районунун Ала-Арча айылында туулган. Ал М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, андан соң Казак мамлекеттик консерваториясын аяктап, Москвадагы П.Чайковский атындагы консерваторияда иштеген.
А.Жаныбеков - көптөгөн ырлардын, романстардын, кино жана спектаклдердин музыкаларынын автору. Ал Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда, музыкалык-хореографиялык окуу жайында, консерваторияда эмгектенип, жаштарга музыкалык билим берген.