Бишкекте Таттыбүбү Турсунбаеванын элесине арналган кече өткөрүлөт

31-октябрда Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында сахна ханышасы, театр жана кино жылдызы, айтылуу Соң-Көл чүрөгү Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган кече өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.

Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек айылында туулган.

Биринчи жолу 1960-жылы 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмага тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы окуу жайдын драма жана кино актёру факультетине тапшырган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын труппасына кирген.

Т.Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, кызыктуу образдарды жараткан. Ал “Ак Мөөр” тасмасында башкы каармандын, “Кызыл алма” фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон.  Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болгон. Ал 37 жашында дүйнөдөн кайткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан