Орусиялык ырчы Юлия Савичева 10 жылдан бери сүйлөшүп келген сүйүктүүсүнө турмушка чыкты

Белгилүү ырчы Юлия Савичева өзүнүн сүйүктүүсү Александр Аршинов аттуу композиторго турмушка чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда орусиялык массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Белгилүү болгондой, эки жаштын никесин каттоо аземине жакындары гана чакырылган, ал эми үйлөнүү тою кечинде орусиялык шоу чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өтмөкчү.

26 жаштагы Юлия Савичева Александр менен 10 жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп келген. Бир кезде рок-группада ойноп, андан соң Юлиянын музыкаларын жазууга баш-оту менен киришкен Александр: “Биз 10 жыл бою руханий жактан бул кадамга даярданып келип, артка жол жок экенин түшүндүк”,- дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
profesor
2014-10-23 14:40:01
Юли Юли Юлияяя
бактылуу бол, мага да жагат!
0
Almaz-85
2014-10-23 15:04:12
Алдынарды бала,арканарды мал бассын .Мага жагат бул ырчынын ырлары ,бактылуу болгула .
+2
Danel
2014-10-23 15:41:41
Аркасын кантип мал басмак эле бул орустун?
-2
dinooou
2014-10-23 17:19:28
Бактылуу болсун! Мага да жагат бу эжеке)))
0
lampard8
2014-10-23 17:28:42
16 баштап суйушуп келиптирда, респект
+2
sardarbek84
2014-10-23 23:03:40
10 кантип суйлошуп журушту экен ишенбей турам балким жашап журушуп Эми ачыка сыгышканго
-1
bai.kymbat
2014-10-24 10:17:17
sardarbek84, орустар суйлошп баштаган кундон тартып эле жашап алышат, 10 жыл тийбей кутуп журду дейсинби))
+1
FSB
2014-10-24 17:27:33
sardarbek84, kakaya Vam razniza?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан