Бүгүн, 23-октябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде "Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзуна 80 жыл" аталышындагы көргөзмөнүн бет ачары болду. Көргөзмөгө өлкөнүн чыгаан сүрөт чеберлери Адылбек Байтереков, Асаналы Бейшенов, Дүйшөн Жолчуев жана Жылдызбек Молдахматовдун эмгектери коюлду. Бул экспозициялык мейкиндиктен төрт түрдүү көз карашты, мурдагы, кийинки, азыркы айлана-чөйрө тууралуу дискуссияны, монологду жөнөкөй тилде эмес, көркөм искусствонун тилинде көрүүгө болот.
Асаналы Бейшенов - атагы чыккан беделдүү кыргыз сүрөтчүлөрүнүн бири. Ал "Кыргыз Эл сүрөтчүсү" наамына талыкпаган эмгектин артынан арзыган. Көп кырдуу талант А.Бейшенов кыргыз көркөм сүрөт искусствосунун казынасын өзүнүн кайталангыс эмгектери менен байытса, ал эми сүрөтчү Д.Жолчуев өзүнөн чындыкты талап кылганы менен өзгөчөлөнүп турат. Анын чыгармачылыгы сезимдерди чын жүрөктөн дирилдетип, өзүнө тартып суктандырат. Ошондой эле бул көргөзмөгө таң калтырган эмгектерин койгон Кыргыз Эл сүрөтчүсү Ж.Молдахматов: "Биз өзүбүздүн тарыхыбызды билишибиз зарыл. Өзүнчө фактылар унуткарылып же жашырылып калбашы керек. Мурда макал-лакап менен гана айтылып, жашырылып келгендерди эми ачык эле сүрөт менен айтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Биздин башыбыздан көптөгөн тарыхый окуялар өттү. Алсак, 1916-жылдагы окуя да айтылбай келген. Ошондогу кыйынчылык тууралуу тарыхый чындыкты коркпостон көрсөтүүбүз абзел. Биздин мекендеги тоолордун, өрөөндөрдүн, жөнөкөй айыл мотивдеринин, ак кайыңдын сулуулугу кайталангыс. Мына ушул дудук күбөлөр жок кылынбасын жана унутулбасын”,- дейт.
Белгилей кетсек, көргөзмө 9-ноябрга чейин уланат.