Новосибирсктеги Мамлекеттик көркөм өнөр музейинде 22-октябрь күнү кыргыз сүрөтчүлөрүнө таандык "Көчмөн" аталышындагы көргөзмө ачылды. Ага Новосибирсктеги Сүрөтчүлөр кеңешинин мүчөлөрү, чет өлкө өкүлчүлүктөрү, кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты.
Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Скульптура, живопись, графикалык эмгектерден жалпы 80 экспозиция көрүүчүлөргө сунушталды.
Алардын арасында КРнын Эл сүрөтчүсү, "Шериктештик жылдызы" аттуу КМШнын мамлекеттер аралык сыйлыгынын лауреаты Юристанбек Шыгаев, КРнын Эмгек сиңирген ишмери Темирбек Мусакеев, СССРдин жана Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү Настар Мамаев, Бообек Арыков жана Бактыбек Мусаевдин эмгектери бар.