Кыргызстандык бийчилер Орусияда өткөрүлгөн “Максимум
Кубогунда” 3 медалга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда КРнын Бий
спортунун федерациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, таймашка Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын бийчилери катышты.
Кыргызстандык бийчилер
Александр Шефлер менен
Амина Надированын дуэти өспүрүмдөр
арасында европалык программада күмүш медалга арзыган. Анда 25 жуп бийчи ат
салышкан. Ал эми латын-америкалык программада 5-орунду ээлешкен.
“Чоңдор жана жаштар” категориясында европалык
программада бийчилер
Давид
Саламау менен
Тамара Мун 2-орунду багындырышты. Ошондой эле чоңдор арасындагы европалык
программада аталган бийчилер 1-орунду ээлешти.
Айта кетсек, европалык программага ак
бий, танго, фокстрот жана квикстеп бий түрлөрү кирсе, латын-америкалык бий программасын самба, ча-ча-ча, румба, пасодобль жана жайв бийлери түзөт.