Манасологдордун эл аралык ассоциациясы түзүлүп, ага президент болуп кыргызстандык манасчы Талантаалы Бакчиев шайланды

20-октябрда КРнын Юстиция министрлигинен Манасологдордун эл аралык ассоциациясы каттоодон өттү. Голландия, Орусия, Кытай жана башка бир катар өлкөлөрдүн окумуштууларынын үндөөсү жана Кыргызстандагы жаш илимпоз-манасологдордун аракети менен ассоциациянын президенти болуп белгилүү манасчы Талантаалы Бакчиев шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда маалымат жыйынынын жүрүшүндө Т.Бакчиев өзү билдирди. 
Ал бул ассоциациянын ачылышын азыркы илимдин талабы жана турмуштук зарылчылык деп баалады. "Ассоциациянын негизги багыттарына илимий, социалдык, кайрымдуулук, маданий, руханий билим берүү тармактары кирет",- деди Т.Бакчиев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kalpakkg
2014-10-24 12:48:25
Мен билгенден талантаалы бакчиев теңирчи болуш керек эле, же мен жаңылдымбы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан