24-октябрда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Жолугушууда Александр Жирков 2014-жылдын ноябрь айынын башында Бишкекке манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган иш-чарага келерин билдирди. Ошондой эле бул майрамдык иш-чарага катыштырууга бир канча артистти даярдап берүүнү Саха Республикасынын Маданият министрлигине дайындаарын белгиледи. Ал музыканттар этникалык чыгармаларды аткарган жана салттык музыкалык аспаптарда ойногон өнөрпоздор болорун кошумчалады. Мындан тышкары А.Жирков “Манас” эпосу якут тилине ийгиликтүү которулуп бүткөнүн билдирди.
Алтынбек Максүтов өз кезегинде Саякбай Каралаевдин мааракесине арналып уюштурулуп жаткан иш-чара масштабдуу болорун билдирип, ал 13-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөрүн айтты.