29-октябрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Казы Дыйканбаевдин 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. КРнын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери, студенттер жана массалык маалымат каражаттары катышат.
Казы Дыйканбаев 1913-жылы Түп районунун Талды-Суу айылында туулган. Ал Караколдогу кыргыз-орус мектебинин 4-классын аяктап, окуусун Бишкекте уланткан.
1937-жылы Ташкент эл чарба институтун бүтүрүп, эмгек жолун Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комиссиясында экономист болуп баштаган. Андан кийин Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасынын орун басары, Кыргыз ССРинин туңгуч Тышкы иштер министри, Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.