Бишкектеги Спорт Ордосунда 25-октябрда "Кеңеш" тобу менен “Беш тапан” куудулдар тобу биргеликте концерт беришти. Саат 19:00гө белгиленген чыгармачылык кече 50 мүнөт кечигип көшөгөсүн ачты. Көрүүчүлөр залдын 70 пайызын ээледи. Алгач сахнага "Беш тапандын" куудул жигиттери саламдашып ырдап чыгышып, аларга "Кеңеш" тобунун ырчылары кошулду.
“Беш тапандын” жигиттери куйкум тамашалары менен көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Куудулдар коомдогу саясий окуяларды сынга алганы көпчүлүктү жылмайтты. МАИ кызматкери “милдетимди аткаруу үчүн абанын ысык-суугуна карабай күзөттө турсам, эреже бузгандар айыпты төлөбөй качышат” деп көзүнө жаш алса, таксист “эптеп 3 күндө тапкан акчамды алып аласыңарбы...” деп ыйлап кирди. Алар "1500 сом бер", "700 сом бер" деп соодалашып, унаа жолундагы көрүнүштү чагылдырышты.
Ал эми балакайлардын кийимин кийген куудулдар “Мектепте свет жок, каникулга тарадык. Ыраазыбыз өкмөткө, биз эс алып жыргадык” деп жарык көйгөйүн тамашага салып өтүштү. Бут кийим тазалаган бала кыска кийим кийген кыздарды сынга алды.
"Кеңеш" тобу "Сүйүү мүрөгү", "Бир гана сен", "Балалык", "Ак кеме", "Айылым", "Издедим", "Ак жамгыр" аттуу ырларын аткарганда көрүүчүлөрдүн кошулуп ырдап жатканы ырчылар ар бир адамдын жүрөгүнөн орун таба алганын айтып турду. Мүзүр мырза үйдүн башчысы катары сахнада сүйлөп, ырдап, тамашалап жатты. Ал эми Гүлмира айым сүйлөбөсө да сулуулугу, назиктиги менен сахнага көрк кошуп турду.
Ыр-күлкүгө толгон концертте “Беш тапандын" жигиттери "Кеңеш" тобунун репертуарындагы "Сирень гүлү" аттуу ырды аткарышты.
Ырчыларды куттуктап сахналаштары Азиза, Айнура Салахидинова, Роза Шакирова, Назира Токоновалар ыр белек тартуулашты. Концерттин соңунда куудулдардын "Сармерден" аталышындагы тамашасы мыкты номерлердин бири болду. Куудулдар "Даңазалуу кылым" тасмасындагы Ибрагим менен Сүмбүл аганын, Мүзүр мырза Сулейман султандын ролун Осмон доорундагы жана заманбап стилде аткарганы элдин эсинде көпкө сакталары бышык. "Хүрремим, Гүлмирам, сен менин ханышамсың!" деген ырчы жубайы менен "Ханышам" деген чыгарманы ырдады.