Бүгүн, 26-октябрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде “Гонщик таксист” тасмасынын бет ачары болуп, тасмадагы башкы каармандар кызыл килемден басып өтүштү. Кыргыз кинокомедияларынын катарын толуктаган бул фильмге Максат Жумаев режиссёрлук кылса, идеясы бир канча фильмдин продюсери Нурлан Мамакеевге таандык. Тасмада башкы каармандын образын “тамашоучу” Жаныш Майр жана Зулайка Эркимбаева жаратышкан. Ошондой эле бул фильмден КРнын Эл артисти Замирбек Сооронбаев, КРнын Эмгек сиңирген артисти Жаркын Балыкбаева, актриса Перизат Эрмамбетова, Гуэль Кадырбекова, Турат Касымбеков, эң кызыгы, европалык ырчы Рэй Хортонду да көрүүгө болот.
Нурлан Мамакеев:“Тасма шаарда таксист болуп иштеген Жаныш аттуу жигит тууралуу. Унаасын катуу ылдамдыкта айдаган каарман кардарлары айткан жерине жеткирем деп кызыктуу, күлкүлүү окуяларды башынан кечирип, сүйүүсүн кезиктирет. Бул тасма менен коомчулукка "унааны катуу айдабагыла, калп айтпагыла, капыстык жөн жерден эмес" деген түшүнүктү жеткирүүнү көздөдүк. Фильм 1,5 миллион сомго тартылып, тартуу процесси 1 айга созулду”,- дейт.
Ал эми тасмада алгачкы жолу роль жараткан Зулайка Эркимбаева буларды айтты: “Мен тасмага капысынан тартылып калдым десем болот. Кастингге эпизоддук роль жаратыш үчүн баргам. Бирок, бактыга жараша, тартуучу топ мени башкы каармандын ролуна ылайык көрдү. Алардын ишеничин актап, жеткиликтүү аткарып бердим деген ишеничтемин. Эми келечекте көптөгөн кыргыз кинолоруна тартылууну максат кылуудамын”.
“Бул фильмдин идеясы мага абдан жакты. Жашоодо “супергерой” болуу үчүн унааны катуу ылдамдыкта айдаштын, ийгиликке жетүү үчүн жанын жеп калп айтып алдаштын кереги жок экенин бул тасма далилдеп берди. Канчалык жөнөкөй, кичи пейил адам болсоң, турмуштагы ичке жолуң даңгыр жолго уланарын көрсөттү”,- дейт Жаныш Майр.