Борбордо сүрөтчү Марина Громованын "Ташка катылган тамсилдер" аттуу көргөзмөсү ачылат

1-ноябрда баш калаадагы С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясында сүрөтчү Марина Громованын "Ташка катылган тамсилдер" ("Каменные притчи") аттуу жеке көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу аталган галереянын арт-директору Кайыргүл Казыбекова билдирди.

Белгилүү болгондой, көргөзмөгө ташка тартылган сүрөттөр, интуитивдүү живопись, мозаика жанрындагы эмгектер коюлат.

Марина Громова КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, арт-терапиянын чебери, Санкт-Петербургдагы классикалык сүрөт, живопись, композиция мектебинин өкүлү, "Тирүү таштар" аттуу интуитивдүү живопись мектебинин автору, Искусство академиясынын окутуучусу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан