Борбордо "Түрксойдун" аксакалдар кеңешинин 8-отурумунда бир катар маселелер каралат

Бишкекте бүгүн, 27-октябрда "Түрксойдун" аксакалдар кеңешинин 8-отуруму өткөрүлөт. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарада мурдагы отурумдардагы талкууланган чечимдердин жыйынтыгы, "Түрксой" академиясынын ишмердүүлүгү, Кыргызстанда өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана 2015-жылы белгиленген саммит жана башка маселелер каралат.

Иш-чарага Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын төрагасынын орун басары А.Мадумаров, "Түрксойдун" аксакалдар кеңешинин мүчөсү Б.Жакиев жана башкалар катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан