Бишкекте "Эне-Сай кыргыздары" көргөзмөсү ачылат

Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде 30-октябрда Н.М.Мартьянов атындагы Минусин аймактык музейинин «Эне-Сай кыргыздары» көргөзмөсүнүн ачылуу аземи болот. Көргөзмө иши 25-декабрга чейин улантылат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Бул иш-чара Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан демилгеленип, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Мамлекеттик тарых музейинин, ошондой эле "Улут Ордо" коомунун каржылык колдоосу менен өткөрүлүүдө. 

Н.М.Мартьянов атындагы Минусин аймактык музейинин жана КР Мамлекеттик тарых музейинин фонддорунан алынган сейрек кездешүүчү археологиялык коллекциялар Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына арналган иш-чаралардын алкагында жүргүзүлүп жаткан эл аралык илимий-көргөзмө долбоору болуп саналат. Аталган музейден алынган материалдар Мамлекеттик тарых музейиндеги азыркы Кыргызстандын аймагынан табылган экспонаттар менен толукталды. 

Көргөзмөдө тарыхый эрте мезгилдеги эне-сайлык кыргыздардын турмушун (II – V к.к.), Эне-Сайдагы кыргыз мамлекетинин пайда болуусун жана анын Барсбек ажо баштаган көз карандысыздык үчүн күрөшүн (VI–VIII к.к.), «Улуу кыргыз дөөлөтүн» (IX – X к.к.), монгол жапырыгы жана андан кийинки мезгилди, ошондой эле алардын ошол мезгил аралыгындагы маданиятын баяндаган экспонаттар көрсөтүлөт. Андан сырткары Н.М.Мартьянов атындагы Минусин аймактык музейинин маданий баалуулуктарынын арасында түрктөр, монголдор, уйгурлар жана башкалар согушканда пайдаланылган кылыч, канжар, жебе сыяктуу куралдар бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан