Опера ырчысы Тилек Найманбаев белгилүү казак композитору Шамши Калдаяковдун жаркын элесине арналган “Менин Казакстаным” аттуу сынакта 2-орунду ээледи. Бул тууралуу “Тагдыр, мезгил, жашоо” коомдук фондунун төрайымы Мира Токтогонова SUPER.KG порталына бүгүн, 27-октябрда билдирди.
Маалым болгондой, бул фестивалда Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Монголия, Өзбекстандан келген ырчылар ат салышкан.
Ырчылар арасында өткөн сынакта кыргызстандык ырчы казак тилинде 4 ырды фортепианонун жана эстраданын коштоосунда аткарган.