Германияда “Кыргыздардын октябрь фестивалы” аталышында иш-чара өткөрүлдү

Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында “Кыргыздардын октябрь фестивалы” аталышындагы кече өткөрүлдү. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинен 27-октябрда билдиришти.

Кеченин жүрүшүндө Кыргызстандын Германиядагы элчиси Б.Отунбаев кыргызстандык мекендештерге өлкөнүн өнүгүшү жана элчилик тууралуу маалымат берди. Ошондой эле бул жылы КРнын Тышкы иштер министрлиги 70 жылдыгын белгилээрин жана кыргызстандык жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү мыйзамы кабыл алынганын кошумчалады.

Иш-чарага Германиянын ар кайсы шаарында жашаган 100дөн ашуун кыргызстандыктар катышып, кеченин жүрүшүндө таланттардын арасында сынак уюштурулду. Анда катышуучулар ыр, бий, көркөм окуу боюнча ат салышты. Калыстар тобу таланттарды аныктап, жеңүүчүлөр сыйланышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bossmos7
2014-10-27 18:03:21
Жакшы! Мен дагы бир кундору ушул жакта ойноп иштеп келсем дейм. Насип этсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан