Москвада Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган кечеде Нурлан Насип, Жоодарбешим, Нурмат Садыров, Элиза Орозова ыр белек сунушту

Москвада белгилүү акын-импровизатор Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган кече өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда КРнын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, иш-чаранын катышуучуларына режиссёр Мухтар Атаналиевдин “Токтогулдун басып өткөн жолу” аталышындагы тасма көрсөтүлүп, кеченин конокторуна Бактыгүл Чотурованын “Токтогулдун кербези” аттуу китеби белекке берилди.

Кече концерттик программа менен коштолуп, көрүүчүлөргө ырчы Өмүрзак Кайыпов комузда кол ойнотуп, Токтогул Сатылгановдун чыгармасын аткарып, обон созду. Андан тышкары эстрада ырчылары Нурлан Насип, Жоодарбешим, Нурмат Садыров, Элиза Орозова ыр белек сунушса, кечеде алып баруучулук милдетти Манас Алыкулов аркалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан