Бишкекте мыкты дизайнерлердин эмгектери көргөзмөгө коюлат
8-ноябрда
Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде дизайн чемпиондугунун алкагында
“Design cup-2014”
аталышындагы көргөзмө ачылат. Ага дизайнерлердин мыкты делген
эмгектери коюлат. Уюштуруучулар билдиргендей, кайырма
жакалуу сокмо көйнөктүн, жылнаама баракчаларынын жана кат салгычтардын жаңы
дизайндарынын бет ачары болот. Иш-чаранын жүрүшүндө жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырылып, катышуучуларга оюн-зоок уюштурулат.