Москвадагы мекендештерге кыргыз эстрада ырчылары Нурмат Садыров, Нурлан Насип, Жоодарбешим, Элиза Орозова жана куудул Манас Алыкулов өнөрлөрүн тартуулап келишти. Алар акын-импровизатор Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган кечеге катышып кайтышкан. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда SUPER.KG порталына Нурмат Садыров: “Орусиянын көп шаарларына концерт коюп кыдырып келгеним менен, Москванын өзүнө биринчи жолу барышым. Уюштурулган иш-чарага токтогулдук ырчылар гана катышып, өнөрүбүздү көрсөтүп келдик. Мекендештерибиз алыста жүрүшсө да, биздин ырларды билишет экен, аябай жакшы кабыл алышты. Эң кызыгы, “Кичинекейим менин” аттуу ырымды аткарып жатканда 20га чукул наристе бири-биринен жарышып сахнага чыгып, акча кыстарып кетип жатышты. Мотурайган бөбөктөрдүн бул кылыктары көрүүчүлөрдү жагымдуу маанайга бөлөп, күлкү тартуулады. Кошумчалай кетсем, быйыл чыгармачылыгымдын үзүрүн көрүп жатам, чет өлкөлөрдү гастролдук сапар менен байма-бай кыдырдым. "Кыбыраган кыр ашат" дегендей, жаңы ыр жаздырып, акырындан иштеп жатам”,- деди.