Стамбулда Рахманкул хандын 100 жылдыгына арналган иш-чарада КРнын Эл артисти Роза Аманова өнөрүн тартуулады

Стамбулда Рахманкул хандын 100 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлгөнүн бүгүн, 29-октябрда КРнын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Түркиядагы Кыргызстандын элчиси Ибрагим Жунусов, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары, жазуучулар, окутуучулар жана Рахманкул хандын бир туугандары катышты.

И.Жунусов өз сөзүндө Рахманкул хандын лидерлик, дипломатиялык сапаттарын белгилеп, анын сүйлөшүүлөрдү мыкты жүргүзгөн инсан болгонун айтты. Муну менен катар Рахманкул хандын Ооган, Пакистан жана Түркияда жүргөнүндө кыргыз элинин салтын, маданиятын, тилин, жашоо-турмушун сактап калууга көргөн аракетин кошумчалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө тегерек стол, сүрөт жана скульптуранын көргөзмөсү уюштурулду. Эскерүү кечеси КРнын Эл артисти Роза Аманова жана “Маржан” тобунун концерттик программасы менен коштолду.

       

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
esennnn
2014-10-29 17:51:58
Ушу жакпайт уй булосун балдарын ХХХ ХХХ ХХХ кеткен. Сыйлабайт такыр. Дуйнону мин кыдырса деле омур бою кара тагы (ХХХ) экенин баары билет
0
admin_superstan
2014-10-29 18:02:39
esennnn, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
0
Dadin1
2014-10-29 18:05:22
esennnn, бунун куйоосу экс-министр К.Жумалиевко.
0
esennnn
2014-10-29 19:16:43
Dadin1, мурда жонокой ХХХ ХХХ ХХХ... кайра ырдай баштады. ХХХ ХХХ ХХХ...
-2
dina
2014-10-30 00:59:22
esennnn, кечирип коюңуз, эл көзүндөгү адамды базарда отургандай ушактап деңгээлиңерди төмөндөтпөгүлөчү! Бирөөнүн жашоосун жашабай туруп сындаба деген сөз бекер айтылган эмес. Сизде да уул, кыз болот күлгөнгө күлө жетет, айткандын артынан барат сөздү абайлап сүйлөсөк... Карындаштарыныз бактылуу болушсун!
+1
admin_portal
2014-10-30 11:32:48
esennnn - берилген эскертүүгө көңүл бөлбөстөн порталдын эрежелерин кайталап бузгандыгы үчүн 5 күнгө БАН!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат
0
Ibragim864
2014-10-29 22:02:38
Ар бир кишинин оз жашоосу бар,ага кийгилишуу же аны сындоого эч кимдин акысы жок.Келгиле туугандар жок дегенде озубузду сыйлайлы.Ушактан тажадык.Силерден эч ким Розанын жеке турмушун сураган жокко.Розанын оз угарманы бар,алар талдоосун сыйлаш керек.
+1
Arsenjan
2014-10-29 23:47:18
Роза Аманова абдан таланттуу. Мен анын талантын баалайм! Кайдагы жаш балдарга, маданияттын мыкты кызматкери наам бергенден коро, ушундай эже агайларга ардак громаталардан берсе...
+1
dina
2014-10-30 01:01:04
Мындай иш-чараларды алдын ала билдиришсе мүмкүн барып катышат белек...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан