Бүгүн, 30-октябрда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде “Эне-Сай кыргыздары” аттуу көргөзмөнүн бет ачар аземи болду. Көргөзмөгө Н.М.Мартьянов атындагы Минусинк (Миң-Суу) аймак таануу музейинде сакталып келген эне-сайлык кыргыздардын тарыхый буюм-тайымдары коюлду.
Иш-чарга КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева, Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Каныбек Иманалиев жана башка бийлик өкүлдөрү, студенттер катышты.
Көргөзмөдө тарыхый эрте мезгилдеги эне-сайлык кыргыздардын турмушун (II – V к.к.), Эне-Сайдагы кыргыз мамлекетинин пайда болуусун жана анын Барсбек ажо баштаган көз карандысыздык үчүн күрөшүн (VI–VIII к.к.), “Улуу кыргыз дөөлөтүн” (IX – X к.к.), монгол жапырыгы жана андан кийинки мезгилди, ошондой эле алардын ошол мезгил аралыгындагы маданиятын баяндаган экспонаттар коюлду.
Маданий баалуулуктарынын арасынан кыргыздардын түрктөр, монголдор, уйгурлар жана башкалар менен согушканда пайдаланган кылыч, канжар, жебе сындуу куралдарын көрүүгө болот. Ошону менен катар көргөзмөдө кемерлер, тыйындар, идиш-аяктар, кытай усталарына таандык кулпулар, чеберчилик менен жасалган тегерек үзөңгүлөр, ооздуктар орун алды.
Эльвира Сариева өз сөзүндө: “Кыргыздар - Борбор Азиядагы байыркы түрк тилдүү элдердин бири. Азыркы Кыргызстанга отурукташып, мамлекеттүүлүккө ээ болгонго чейин биздин ата-бабаларыбыз узак жана оор жолду басып өтүшкөн. Окумуштуулар тарабынан даярдалган бул көргөзмө өсүп келе жаткан муунга ата-тегибизди таанууга мүмкүнчүлүк түзөт”,- деди.